KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График заседаний: чт-пт. c 09.00 до 17.30;
Телефон: +996 (312) 317 - 456 ул. Табышалиева 15

Тартип комиссиясынын ишине байланышкан кезектеги ExpertCafe уюштурулду

01 февраля 2019

2019-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун алдындагы Сот адилеттигинин жогорку мектебинин мекемесинде,   Кыргыз Республикасынын Судьялар  кеңешинин алдындагы  Тартип комиссиясынын  ишине арналган кезектеги ExpertCafe болуп  өттү.  Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Айнаш Токбаева, Кыргыз Республикасынын Судьялар  кеңешинин алдындагы  Тартип комиссиясынын   төрайымы Кымбат Архарова, анын орун басары  Чынара Мусабекова, аталган комиссиясынын мүчөсү  Канат Турганбеков, ошондой эле Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунун (IDLO)  директорунун  сот реформасы боюнча кеңешчиси Карыбек Дүйшеев катышышты.


Иш чаранын жүрүшүндө  Тартип комиссиясынын   төрайымы Кымбат Архарова 2017-жылдын октябрынан 2018-жылдын октябрына чейинки мезгил аралыгында Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын дарегине судьялардын үстүнөн 1700 гө жакын арыз, даттануулар келип түшкөндүгүн маалымдады. Алардын ичинен 400 гө жакын кайрылуулар  бүгүнкү күндө каралууда. 246 арыз боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 74 судьяга карата тартип жазасы колдонулган. Алардын ичинен 44- алдын ала эскертүү, 17 – эскертүү, 8- сөгүш, 5- мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотуу.  Ал эми 172 арыз боюнча судьяларга карата чара көрүүдөн баш тартылган. Мындан сырткары судьяларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча 5 сунуш келтирилген, анын ичинен төртөөнө макулдук берилип, бирөөнө баш тартылган жана тартип чараларын колдонулгандыгын алып салуу боюнча судьялардан 15 арыз келип түшкөн, алардын 14 макулдук берилген, бирөөнө баш тартылган.


Белгилей кетсек, Тартип комиссиясы Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык түзүлгөн көз каранды эмес коллегиялуу орган болуп саналат.


Тартип комиссиясы 9 мүчөдөн турат жана Президент, Жогорку Кеңеш жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан тиешелүүлүгүнө жараша, комиссия курамынын үчтөн бир бөлүгү түзүлөт. Тартип комиссиясы анын курамынын кеминде үчтөн экиси түзүлгөндөн кийин ыйгарым укуктуу болуп эсептелет. Тартип комиссиясынын курамына Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун төрагалары, төрагаларынын орун басарлары, Жогорку Кеңештин депутаттары, прокурорлор, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, адвокаттар, Судьялар кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин мүчөлөрү кире албайт.


Айта кетүүчү жагдай, ExpertCafe  Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунун (IDLO) колдоосу менен уюштурулуп, жолугушууга  30дан ашык    жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышып,   кызыктырган  суроолоруна  жооп  ала алышты.