KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График заседаний: чт-пт. c 09.00 до 17.30;
Телефон: +996 (312) 317 - 456 ул. Табышалиева 15

Президент Сооронбай Жээнбеков Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын төрайымы Нургүл Бакированы кабыл алды

15 мая 2020

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-майда, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын төрайымы Нургүл Бакированы кабыл алды.


Тартип комиссиясынын учурдагы ишмердүүлүгү, өлкөдөгү судьялардын аракеттерине (аракетсиздигине) карата кайрылуулар, кабыл алынган чечимдер, ошондой эле комиссиянын ишин жакшыртуу боюнча белгиленген пландар жөнүндө маалымат берилди.


Комиссияга келген кайрылууларды кароонун жыйынтыгында 223 кайрылуу боюнча судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган, алардын ичинен 18 судьяга сөгүш жарыяланып, ал эми 155 судьяга алдын ала эскертүү, 42 судьяга эскертүү берилген.


Кынтыксыз болуу талаптарынын бузулушуна байланыштуу 8 судьяга карата мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынган.


Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө таза иштеген судьялар аз эмес экендигин, бирок ага карабастан айрым судьялар  кынтыксыз болуу талаптарын бузган фактылар болуп жатканын белгиледи.


Мамлекет башчысы Тартип комиссиясынын судьялар корпусунун тазаланышында, жалпысынан сот системасына ишенимди бекемдөөдө өзгөчө ролуна токтолду.


Президент судьялардын аракеттерине карата түшүп жаткан жарандардын кайрылуулары боюнча талаптарды күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.


Тартип комиссиясынын ишиндеги бейтараптыкты жана анын ишмердүүлүгүн санариптештирүүнү камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурду.


Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын жана «Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө» мыйзамдын талаптарына ылайык, судьяларды жоопкерчиликке тартуу маселелери Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын кароосуна киргизилген.


2017-жылы түзүлгөн бул комиссия Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык түзүлгөн, көз карандысыз коллегиалдуу орган болуп саналат.