KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График заседаний: чт-пт. c 09.00 до 17.30;
Телефон: +996 (312) 317 - 456 ул. Табышалиева 15

Тартип комиссиясынын чечими менен судья кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузгандыгына байланыштуу жоопкерчиликке тартылды

27 января 2020

2020-жылдын 5-январында  өлкөнүн маалымат булактарында  “Судья корпоративден кийин  жол кырсыгына кабылды. Видео” деген маалыматтар чыккан.


Бул маалыматта  Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Э.М.Сулайманованын аракеттери Кыргыз Республикасынын  судьясынын Ар-намыс кодексиндеги судьянын аброюна жана  кадыр-баркына шек  келтирилгендиги көрсөтүлгөн.


“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  конституциялык мыйзамынын 5-1 статьясына ылайык,  судья Кыргыз Республикасынын  судьясынын Ар-намыс кодексинин талаптарын сактоого милдеттүү экендиги жана судьянын кадыр-баркына шек  келтирген нерселерден  алыс болушу керек экендиги жазылган.


Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Соттор кеңешинин  алдындагы Тартип комиссиясына, судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу туурасында  сунушу  жөнөткөн.


КР Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын  2020-жылдын 27-январындагы  чечими менен  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын  сунушу канааттандырылып,  Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы  Э.М. Сулайманова  тартип  жоопкерчилигине тартылып,  мөөнөтүнөн мурда  бошотуу туурасында тартиптик жаза көрүлдү.


Бул чечимдин негизинде  Кыргыз Республикасынын Президентине  аталган судьяны  мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу туурасында сунуш жөнөтүлдү.