KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График заседаний: чт-пт. c 09.00 до 17.30;
Телефон: +996 (312) 317 - 456 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңеши тартип комиссиясынын корутундуларын карап чыгып, чечим кабыл алды

27 мая 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 27-майында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү, анда күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.


Тартип комиссиясынын корутундусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы З.К. Базарбековдун Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы  Т.Т. Турсунбековго карата чара көрүү жөнүндө сунушун канааттандырды.


Судьялар кеңеши тарабынан Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун, учурда Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунун судьясы Турсунбеков Таалайбек Турсункуловичти тартиптик жоопкерчиликке тартуу жана эскертүү түрүндө тартиптик жаза берүү жөнүндө чечим кабыл алынды.


Ош облустук сотунун  судьясы Пирматов К.А. менен Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьясы Сарыбаев Б.А.  тартиптик жоопкерчиликке тартылышып, аларга карата эскертүү түрүндө тартиптик жаза чаралары колдонулган.


Ал эми Бишкек шаардык сотунун, Бишкек шаарынын Биринчи май, Октябрь, Свердлов райондук сотторунун судьяларын тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө төрт даттанууну канааттандыруудан баш тартылган.