RU
График заседаний: чт-пт. c 09.00 до 17.30;
Телефон: +996 (312) 317 - 456 ул. Табышалиева 15

Тартип комиссиясынын төрайымы: "Бир жылда 74 судьяга тартип жазасы колдонулду"

04 февраля 2019


2017-жылдын ноябрь айынан 2018-жылдын аягына чейинки аралыкта 74 судьяга тартип жазасы колдонулду. Мындай маалыматты бүгүн, 31-январда Судьялар кеңешинин алдындагы тартип комиссиясынын төрайымы Кымбат Архарова аталган мекеминин ишмердүүлүгүнө байланышкан жыйында билдирди.


Анын айтымында, Тартип комиссиясынын дарегине бир жылда жалпы судьялардын үстүнөн 1700гө жакын арыз келип түшкөн.


«Келген арыздардын 400гө жакыны бүгүнкү күндө каралып жатса, 246 арыз боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 74 судьяга тартип жазасы колдонулган. Алардын ичинен 44 судья алдын ала эскертүү, 17си эскертүү, 8и сөгүш, 5и кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган», — деди Архарова.


Комиссия төрайымы кошумчалагандай, 1700 арыздын 172си боюнча судьяларга чара көрүүдөн баш тартылган. Мындан сырткары прокуратура тарабынан судьяларга кылмыш ишин ачуу боюнча 5 сунуш келтирилип, төртөөнө макулдук берилип, бирөөнөн баш тартылган.




Автор: Жамалидин Парманкулов

Фото: Жамалидин Парманкулов


ИНФОРМАЦИЯ О ПРИВЛЕЧЕНИИ СУДЕЙ К ДИСЦИП. ОТВЕТСТВЕННОСТИ

Форма обращений

Анализ за 2017-2018г.